Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде педагогикалык кеңешме өттү
30.03.2021. Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде Ак-Талаа райондук билим берүү башчысы Эсеналиев Каныбек Алтымышевич жана педагогикалык кеңешменин мүчөсү Касымбаев Садыр Касымбаевичтин катышуусунда педагогикалык кеңешме болуп өттү.
Педагогикалык кеңешмеде төмөндөгү маселелер каралды:
III чейрек ичинде жүргүзүлгөн иштер жана III чейректин жыйынтыгы, IV чейреке багыттар, милдеттер.
9,11 класстарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жетишүүсү, билим сапатына мониторинг, ЖРТга даярдыктар. Акы төлөнүүчү кружоктордун жүргүзүлгөн иштерине анализ. 5-класстардын адаптациясы. Кыргыз тили жана адабияты, Орус тили жана адабияты, Чет-тили усулдук бирикмелеринин жүргүзүлгөн иштери. Райондук жана облустук олимпиадага катышкан окуучулардын жетишкендиктери жана кемчиликтери. Окуучулардын билимин тереңдетүүгө болгон иш аракеттер.
Милдеттери:
•Мугалимдер предмети боюнча окутуунун оптималдуу варианттарын жана интерактивдүү усулдарын пайдалануу менен сабак берүүнүн сапатын жакшы деңгээлге көтөрүү.
•Жылды жыйынтыктоого милдет катары Жалпы Республикалык Тестирлөөдө алдыңкы байгелүү орундуктарга илинүү жана «Алтын Тамга» артыкчылыктуу аттестатына чыгуу.
•Жоопкерчиликти жогорулатуу.
•Жөндөмдүү окуучулар менен үзгүлтүксүз иштөө.
•Мектеп документацияларын таза, так жүргүзүү.
•Дежур мугалим милдетин так аткаруу.
•Ата-энелер менен байланышты,кызматташтыкты күчөтүү.
•Сабак учурунда окуучуларды себепсиз эшикке чыгарбоо.
Комментарии