Биз жөнүндө

МЕКТЕПТИН ТАРЫХЫ
Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин тарыхы:
Дөрбөлжүн айылынын мурунку Сталин атындагы орто мектебинен билим алган окуучулар 1960-жылы Орто-Сырт аймагында уюшулган Жданов атындагы 8 жылдык мектебине бөлүнгөн.
1960-1961-окуу жылында 8 жылдык мектепке 229 окуучу кабыл алынып, 9 класс комплектиси болгон. 8-классты 26 окуучу бүтүргөн.
1971-жылы мектепте 10 жылдык билим берүү системасы киргизилип, орто мектеп катары окуучулар 10- класска чейин окутулган.
Жданов мектеби 1988-жылы Кара-Суу орто мектеби аталган, райондук Кеңештин 31.01.2000-жылдагы №27/4 чечиминин негизинде Ленин орденинин, Эмгек Кызыл Туу орденинин, Эл достугу орденинин жана К Р Эмгек сиңирген агроному Ардак наамынын ээси Эсенгул Карасартовдун ысымы берилген.
1998-жылдан баштап мектепте 9-класска чейин окутуу эки тилде кыргыз, орус тилинде жүргүзүлгөн. 2020-2021-окуу жылдан тарта толук 11-класска чейин орус тилдүү класстар ачылып кыргыз жана орус тилинде билим-тарбия берилет.
Мектептин тарыхында мектепте көптөгөн алдыңкы мугалимдер эмгектенишкен. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамы менен 1 мугалим, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен 2 мугалим, “Билим берүүнүн мыктысы” наамына татыган 50 мугалим талыкпаган ак эмгектерин жасаган. Окуудагы алдыңкы жетишкендиктери менен мектепти медал менен 13 окуучу, “Артыкчылык аттестат” менен 14 окуучу бүтүрүшкөн. Мектептин тарыхында көптөгөн бүтүрүүчүлөр аяктап эл кызматында.
Мектепте учурда 83 педагогикалык жамаат а/и 1китепканачы, 1 соцпедагог, 1лаборант эмгектенишсе, техникалык кенже-жумушчулар 28. Мектепте 35 класс комплектиде 780 окуучу 2 смен менен билим-тарбия алып келишүүдө. Мындан сырткары мектептин астында 45 бала мектепке чейинки даярдоо группасында окутулат.
Мектеп окуучулары эже-агайлардын эмгегинин аркасында жана окуучулардын билимге, маданий-спорттук иш-чараларга умтулуусу менен райондогу, облустагы, республикадагы кароо-сынактардан байгелүү орундарды камсыздап келишүүдө.
Мектеп негизинен 2 окуу корпустан турат. “МS БИЛДИНГ” ЖЧК тарабынан республикалык бюджеттен каржыланып курулуштун сметалык наркы 74 473, 1 миң сом. Тендердик баасы 66 637 , 5миң сомго 2 кабаттуу мектептин курулушу аяктап 13.02.2020-ж. ачылган. Мектептин окуп жаткан имаратында 110 орундуу актовый зал, спорт зал, ашкана, китепкана, 14 класстык бөлмө, мастерской- тигүү бөлмөсү 2 лабораториялык бөлмө, мугалимдердин усулканасы, компьютердик класс, 4 административдик бөлмө, ИДН бөлмөсү, профсоюз бөлмөсү, мектеп парламентинин бөлмөлөрү бар. Башталгыч 1-4-класс класстар №3 окуу корпусунда окутулат 9 окуу бөлмөсү, 1 административдик бөлмө, 1 усулкана 1 даярдоо классы жайгашкан.
2019-жылдын ноябрь айында бери EduPage электрондук күндөлүк, журнал менен иш алып барат. Мектеп сырткы долбоорлор менен тыкыс иш алып барууда алар: JIZ, ВППООН, USAID, Тынчтык Корпусу жана билим берүү системасына тиешелүү НПОлор менен иш алып барат. Мектептин өз алдынча электрондук почтасы, веб-сайты ачылган. Мектепте өтүлгөн ар кандай иш-чаралар сайтка жайгаштырылып турат.

Биз жөнүндө

Мектептин миссиясы: Окуучунун жекече өзгөчөлүгүн, мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана мектептен алган билимин турмушта кеңири пайдаланууга, улуттун баалуулуктарын сыйлоо менен инсан катары калыптанышына багыт берип, коомдун өнүгүү талабына жооп бере турган маалыматтык инновациялык технологиялардын жардамы менен компетенттүү билим берүү. Мектепти өнүктүрүүдө ата –энелер жана жалпы коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, азыркы жашоодо өз ордун таба билген коомчулуктун керегине жараган интеллектуалдуу инсанды тарбиялоо максатында билим-тарбия берүү.
Мектептин максаты: Мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруунун жана турмуштук компетенцияларына жетишүүнүн негизинде окуучулардын инсандык жалпы маданиятын калыптандырууга, кесиптик билим берүү программаларын аң – сезимдүүлүк менен тандоого жана андан ары өздөштүрүүчү негиз түзүүгө жарандуулукка тарбиялоого,өз өлкөсүнүн каада-салттарын адептик идеалдарын жана баалулуктарын таанууга жана урматтоого тарбиялоо. Социалдык экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу жана сапаттуу билимге ээ болгон коомго пайдасы тийген, руханий дүйнөсү бай, элдик маданиятты, мекенди сүйгөн, өз мекени үчүн питриот жаштарды тарбиялоо. Коомдун алдында атуулдук жоопкерчилигин арттыруу менен мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө пайдубал түзүү.