Э.Карасартов атындагы орто мектебинде 19-23-апрель аралыгында » Мыкты мугалим» конкурсу өткөрүлдү
Э.Карасартов атындагы орто мектебинде 19-23-апрель аралыгында мугалимдердин кесиптик чеберчилигинин, санариптик потенциалдарын жогорулатуу, метод алмашуу , кызматташтыкты, ынтымакты чыңдоо, мугалимдердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн чыгаруу, мыкты мугалимди аныктоо максатында» Мыкты мугалим» конкурсу өткөрүлдү. Конкурс 4 тапшырма боюнча өткөрүлдү:
1. Мугалимдин презентациясы;
2. Мастер класс;
3. Тест;
4. Көрсөтмө куралдардын конкурсу
Жыйынтыгында «Баш байгеге» англис тили мугалими Жумакадырова Мөөркан ээ болуп, 3000с , 1-орунга тарых мугалими Алиева Назира ээ болуп, 2000с , 2-орунга башталгыч класстарынын мугалими Муканбеткалый к Каныкей ээ болуп, 1500с , 3-орунга орус тили мугалими Мадиева Асель ээ болуп , 1000с жана «Сыйлоо баракчалары» менен сыйланышты. Тарых мугалими Болотова Гулина, химия мугалими Сыргак кызы Касиет, орус тили мугалими Куштарбекова Гулмайрам активдүү катышкандыгы үчүн 500сомдон сыйлыкка жана «Сыйлоо баракчасына» ээ болушту. Конкурс атайын иш чара уюштурулуп, жыйынтыкталды.
Комментарии