7- апрель Элдик баатырлар күнү
Баетов айылында Элдик революция күнүндө эскерүү реквием болду. Адилет атындагы сейил багында 2010-жылы 7-апрелде курман болгондорду эскерүү иш чарасы болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мекеме жетекчилери, окуучулар жана курман болгон Адилет Карасартовдун үй бүлөөсү катышты.
Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 10-б классынын окуучулары көркөм окуу жана декламацияларды айтып линейка уюштурушту класс жетекчиси Э.Байсеркеева.
11-б классынын окуучулары Элдик революцияга арналган театралдык көрүнүштү тартуулашты даярдаган класс жетекчиси Э.Илиязова.
Комментарии